Азыркы учурда асцидия классынын (ASCIDIAE) 1,5 миңге жакын түрлөрү белгилүү. Асциядиялардын денеси сыртынан туника аттуу кабык менен капталган. Туника өсүмдүк клетчаткасынан туницин аттуу заттан турат. Кээ бир түрлөрүнүн чел кабыгы жука, жылмакай, тунугураак же килкилдек болсо, башка түрлөрүнүн териси калың жана сырткы бети быдырлуу болот. Челинин курманыда 60% туницин, 27% белок жана 13% органикалык эмес заттар.