Галогендердин мезгилдик системада алган орду жана жалпы мүнөздөмөсү
Галогендердин мезгилдик системада алган орду жана жалпы мүнөздөмөсү
1 / 16
next
Slide 1: Slide
8-класс химияSecondary Education
This lesson contains 16 slides, with interactive quizzes, text slides and 2 videos.
Lesson duration is: 45 min
Items in this lesson
Галогендердин мезгилдик системада алган орду жана жалпы мүнөздөмөсү
Slide 1 - Slide
Slide 2 - Slide
Фтор өтө активдүү газ абалындагы зат. Күчтүү кычкылдандыргыч, заттар менен аракетенишкенде реакция күйүү, жалын чыгаруу жана жарылуу менен жүрөт. Жаратылышта галогендүү суутек кислотасынын туздары түрүндө кездешет. CaF2 ж.б
Slide 3 - Slide
Хлор газ абалындагы уулуу саргыч жашыл түстөгү тумчуктургуч газ. Жаратылышта активдүү болгондуктан эркин абалында кездешпейт. Туздардын мисалы(NaCl) курамында кездешет. Таш түрүндө (кочкор туз) , о.э. деңиз, океандардагы туздар.
Slide 4 - Slide
Бром кызыл күрөң түстөгү жагымсыз жыты бар суюктук. Жаратылышта туздар түрүндө (NaBr, KBr, MgBr2 ) көл, деңиз, нефть жана суу өсүмдүктөрүнүн курамында кездешет
Slide 5 - Slide
Йод кара күрөң түстөгү кристаллдык зат; металлдык жалтырактыкка ээ. Суюк жана газ абалындагы йоддун молекуласы эки атомдон турат. кескин жыттуу, ысытканда катуу абалдан газ абалга өтөт(кургак буулантып айдоо). Жаратылышта туздар түрүндө кездешет.
Slide 6 - Slide
Астат
Жаратылышта табыла элек, ядролук реакциянын натыйжасында жасалма жол менен алынат. Касиеттери терең изилдене элек.
Slide 7 - Slide
Коопсуздук эрежелери
Бардык галогендер кескин жыттуу, дем алуу органдарын дүүлүктүрөт. Физиологиялык таасири терс, ууландырып, өлүмгө дуушар кылат. Ошондуктан алар менен иштегенде коопсуздук эрежесин эстен чыгарбоо керек!
Slide 8 - Slide
Грек тилинен которгондо "Галоген" деген сөздүн мааниси туз пайда кылуучу дегенди билдирет. Галогендер активдүү металлдар менен кошулуп туздарды пайда кылат
2Na +Cl 2 = 2NaCl
натрийдин хлориддери
Slide 9 - Slide
Галогендер
Slide 10 - Mind map
Slide 11 - Video
Slide 12 - Video
Галогендердин тышкы катмарында канча электрон бар жана алардын жогорку жана төмөнкү валенттүүлүгү канча?
Slide 13 - Open question
Кайсы учурда галогендердин терс электрдүүлүгү жана металл эместик касиети начарлайт?
A
Топто төмөн көздөй жылганда
B
Мезгилде солго жылганда
C
Топто жогору көздөй жылганда
D
Мезгилде оңго жылганда
Slide 14 - Quiz
Сабак силерге түшүнүктүү болдубу?
😒🙁😐🙂😃
Slide 15 - Poll
Үйгө тапшырма
Галогендердин окшоштуктарын жана айырмачылыктарын Т схема түрүндө жазып келгиле