21-февраль - Эл аралык эне тил күнү
Эл аралык эне тил күнү 1999- жылдын 19- январында ЮНЕСКОнун башкы конференциясында жарыяланып , 2000- жылдан тарта ар жылы 21- февралда белгиленип келет. Бул майрамдын негизги максаты - тилдердин ар түрдүүлүгүнүн сакталышына көмөктөшүү жана өз ара мамилелерди , маданий салттарды өнүктүрүү . Эл аралык эне тил күнү адамдардын эркин баарлашуусуна жана алардын тилдеринин баркын көтөрүүгө жардам берет .
Азыр дүйнөдө болжол менен 6000ден ашык тил бар .Тилдер адамдар сыяктуу эле жаңы кылымда жашашы керек , ошондуктан эл аралык эне тил күнү бул максатка жетүүгө өбөлгө түзөт